Бишкек шаарындагы Жал кичи районуна бүгүн, 13-ноябрда авариядан улам жылуулук берүү токтотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.

“Урматтуу жарандар! “Бишкекводоканалдагы” авариялык иштерге байланыштуу, “Бишкекжылуулук” 13-ноябрда Жал кичи районунун жашоочуларына жылуулук энергиясын берүүнү авариялык жумуштар бүткөнгө чейин токтотууга аргасыз болушат.

Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн чын жүрөктөн кечирим сурайбыз”, – деп жазылган билдирүүдө.