КРнын премьер-министри Садыр Жапаров Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин жана премьер-министр Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма соз кызматы кабарлады. 

Бул телефондук байланышуулар Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген эле. 

«Владимир Путин Кыргыз өлкөсүнүн президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров менен орус-кыргыз мамилелери жана анын келечеги менен учурдагы абалы жөнүндө талкуулашты. Өз кезегинде Садыр Жапаров октябрь айындагы окуялардан улам келип чыккан өлкөдөгү азыркы кырдаал тууралуу айткан»,- деп жазылат билдирүүдө. 

Ал эми Михаил Мишустин менен да эки өлкө ортосундагы актуалдуу маселелер сүйлөшүлүп, дүйнөдө жүрүп жаткан коронавирус эпидемиясына каршы чогуу туруу маселеси талкууланган. 

«Кыргызстан мурда жетишкен келишимдерди толук аткарууга жана мындан ары да Россия тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаңы келишимдерге жетишүүгө кызыкдар. Эки өлкө ортосунда кандай маселе болбосун аны чечүүгө аракет кылат»,- деп жазылат маалыматта.