11-ноябрь күнү Тоӊ РИИБне аймактык ооруканадан билдирүү түшүп, анда жергиликтүү тургунду белгисиз автоунаа сүзүп кеткенден улам, алган жаракаты менен келип түшкөндүгү билдирилген. Бейтаптын абалы туруктуу жана ага медициналык жардам көрсөтүлгөнү дагы маалымдалган.

Жабырланычуу 49-жаштагы Т.К. милиция кызматкерлери тарабынан суралганда, ал ошол күнү болжол менен саат түнкү 21.25 чамаларында Бөкөнбаев айылынын көчөлөрүнүн кесилишинен өтүп жаткан учурда, белгисиз көк түстөгү автоунаа сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткендиги белгилүү болгон.

Эртеси, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында КР ИИМдин Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан жол кырсыгына шектүү адамдын өздүгү аныкталып кармалды. Жол кырсыгына шектүү катары кармалган адам, Бөкөнбаев айылынын 67 жаштагы тургуну М.К. болуп чыгып, күнөсүн толук мойнуна алды. «Мерседес-Бенц Е 200»  үлгүсүндөгү автоунаасы айып төлөнүүчү жайына токтотулду.

Аталган факт Тоӊ РИИБдин КЖБОне катталып, Кыргыз Республикасынын Жоруктар  кодексинин 155 (Автомототранспорттук каражаттардын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө амалдары жүрүүдө.