Садыр Жапаров президенттик шайлоого талапкер болуп катыша турганына байланыштуу президенттин милдетин аткарууну токтоторун бүгүн жарыялайт деп күтүлүүдө. Президенттин милдетин аткаруу автоматтык түрдө Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго өтөт.

Ошондой эле премьер-министр кызматына аткарууну да токтотот. Премьер-министрдин милдетин аткаруу биринчи вице-премьер Артем Новиковго жүктөлөт.

Кыргызстандын Конституциясы боюнча президенттин милдетин аткаруучу президентикке талапкер болуп шайлоого катыша албайт, Садыр Жапаров ошондуктан бул милдетти аткарууну токтотуп жатат. Ошондой эле баш мыйзамдын талабы боюнча өкмөт башчынын кызматын да аткара албайт.

«Талапкерлиги жылдырылгандан кийин БШКга алып келип тапшырылса, ошол күндөн баштап жылдырылган талапкер болуп саналат. Мен бирөөнүн фамилиясын айтпайын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер эгер ал президент, ЖК депутаты же жергиликтүү кеңештин депутаты болбосо, анда өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууну токтото турат»,-деген БШК төрагасынын орун басары А. Бегматов.

Президенттик шайлоо 10-январда болот. Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 14-ноябрда аяктайт. Президенттикке талапкер болуп арыз бергендердин саны соңку маалымат боюнча 24 кө жетти.