“Стамбул-Бишкек” авиакаттамында жасалма паспорт менен учуп жүргөн жаранды кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан кабарлашты.

2020-жылдын 11-ноябрында ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматына Ы.Н. аттуу аял киши С.А.нын атына жазылган жасалма паспорт менен Туркиядан Стамбул шаарынан Бишкек шаарынын Манас эл аралык аэропортуна 2020-жылдын 12-ноябрында учуп келе тургандыгы боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн.

Алынган маалымат Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 359-беренеси (Жасалма документтерди пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө тапшырмасы алынып, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 2020-жылдын 12-ноябрында саат 02-00дө Стамбул-Бишкек каттамы менен учуп келген учурда С.А. жарандын паспорту текшерилип, ыкчам иш-аракеттердин негизинде паспорту жасалма болгондугу аныкталган.

Аталган жаран  Жалал-Абад облусунун тургуну экендиги аныкталды. Кармалган жарандын билдирүүсү боюнча аталган паспортту Ош облусунун Мамлекеттик каттоо кызматында иштеген жарандар  жасап бергендигин белгилеген. Ал бул паспорт менен “Бишкек-Стамбул”  каттамында дайыма эле барып, келип жүргөндүгүн да билдирген. Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иш-чаралары жүргүзүлүүдө.