Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен экс-депутат Турсунбай Бакир уулу 10-январда өтө турчу президенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, Курсан Асанов менен Турсунбай Бакир уулунан тышкары Имамидин Ташов, Марат Кайыпов, Ербол Токтогулов, Турсунбек Жумабеков, Карагач Исмаилова президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыздарын тапшырган.

Жалпысынан президенттикке талапкерлигин койгондордун саны 35ке жетти.

Буга чейин катышуу ниетин билдирген талапкерлердин тизмесин жана алар жөнүндө маалыматты окуу үчүн шилтемени басыңыз.

Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына белгилеген.  Бүгүн 14-ноябрь талапкерлерди көрсөтүү үчүн арызды тапшыруунун акыркы күнү.