Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония оорусу, 499 адамдан аныкталып, 1 бейтап каза болсо, 16 медик илдет жуктурду. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Бишкек — 108
Ош — 46
Чүй облусу – 83
Ош облусу — 52
Талас облусу — 20
Нарын облусу — 12
Ысык-Көл облусу – 59
Жалал-Абад облусу – 70
Баткен облусу — 49

Бул көрсөткүч менен өлкөдө коронавирус аныкталган адамдардын жалпы саны 65 миң 953кө жетти.

Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус жана пневмония оорусунан 1 адам каза болду.

Маалыматка ылайык, каза болгон жаран Баткен облусунда катталган.

Бул көрсөткүч менен коронавирус жана пневмония оорусунан каза болгон адамдардын жалпы саны 1 миң 196га жетти.

Бир сутка ичинде өлкөдө дагы 16 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алды.

Бишкек– 3;
Чүй облусу– 2;
Жалал-Абад облусу– 4;
Баткен облусу– 4;
Ысык-Көл облусу– 1;