Бүгүн, 14-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткан мезгилде ал президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министрлик кызматынан кетүүгө милдеттүү.

Мындан улам, президенттин милдетин аткаруу парламенттин төрагасы Талант Мамытовго өтөт. Биринчи орун басары Артём Новиков премьер-министрдин милдетин аткарат.

Белгилүү болгондой, мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.