Президенттин милдетин аткаруучу жана Премьер-министр Садыр Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттарынны өкүлдөрү менен болгон маалымат жыйында өлкө боюнча 2 минге жакын түрмө туткундарына эркидик берүү зарылчылыгын билдирген.

Буга чейин «Бир Дүйнө – Кыргызстан” укуктук кыймыл Нельсон Манделанын принциптерине ылайык өзгөчө муктаждыктары бар адамдарды боштондукка чыгаруу маселесин бир нече ирет көтөрүп келген. Мындай практика бүткүл дүйнө боюнча колдонулуп жатат – COVID-19 пандемиясынын жайылышы токтобой жатканына байланыштуу Бириккен Улуттар Уюму коркунуч тобуна кирген адамдарды абактардан чыгарууга чакырган. Алар: бойго жете электер, аялдар, карылар, оорулуулар жана өзгөчө муктаждыктары бар башка адамдар.
Мындан тышкары, «Бир Дүйнө – Кыргызстан” Токио эрежелерин колдонууга чакырат. Ага ылайык, түрмөдө кармоонун ордуна башка альтернативалык жазаларды пайдалануу каралат.

«Бир Дүйнө – Кыргызстан”, ошондой эле, Президенттин м.а. С.Жапаровдун Кыргызстандын түрмө системасын реформалоо керек деген пикирине тилектеш. Себеби, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы адам укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик органдар жана дегеле укук коргоочу уюмдар менен өнөктөш болуучу ачык жана достук мамиледеги социалдык институтка айланышы абзел.
Бул максаттарга жетүү үчүн “Бир Дүйнө – Кыргызстан” төмөнкүлөрдү сунуштайт:

• Түрмө туткундарын бошотуу үстүндө иштеген Көз карандысыз Комиссияны түзүп, анын курамына Акыйкатчы институтунун, Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун өкүлдөрүн жана кесипкөй медиктерди, укук коргоочуларды жана башка эксперттерди киргизүү. Муну менен буга чейинки амнистияларда кездешкен коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу мүмкүн болот;

• Кыргызстанда коронавирустун пандемиясына жана башка кризистерге таасир этүү жана аларды кесепетсиз ашып өтүү боюнча иш-аракеттердин Чукул Планын иштеп чыгуу;

• Токио эрежелерине ылайык түрмөдө кармоонун ордуна башка Альтернативаларды камсыздоо;

• ЖАМКнын реформасын колдоо;

Бул сунуштар жана чакырыктар 12-ноябрда өткөн маалымат жыйында Президенттин м.а. С.Жапаровго тапшырылган. Кайрылууда, ошондой эле, Н.Манделанын принциптерине ылайык эркиндикке чыгууга зарыл болгон өзгөчө муктаждыктар менен 17 адамдын тизмеси тиркелген. Бул түрмө туткундары үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан октябрь айына чейин Акыйкатчы институту, Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун эксперттери менен абактарды кыдыруудан кийин аныкталган.

«Бир Дүйнө – Кыргызстан» жана өнөктөштөр

Булак: Абал кж