К.Иманалиев жана Р.Жээнбеков президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз беришти

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев президенттик шайлоого катышуу үчүн 14-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясына  арыз тапшырды. Бул тууралуу БШК билдирди.

Ушул эле күнү президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров да президенттикке талапкер болуш үчүн Боршайкомго документтерин берген. Бир аз мурдараак Равшан Жээнбеков да президент болуу үчүн БШКга арыз калтырганы айтылды.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого катышуу үчүн 13-ноябрда БШКга Турсунбек Жумабеков, Имамидин Ташов, Ербол Токтогулов, Карагач Исмаилова, Марат Кайыпов, Турсунбай Бакир уулу, Курсан Асанов, Анар Зарипова, Куттумидин Базаркулов жана Бакыт Романов арыз калтырган.

Мурдараак президенттикке талапкер болуш үчүн Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов, Бектур Асанов, Бакыт Бакетаев, Канатбек Исаев, Абыкаар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев, Жеңишбек Байкуттиев, Клара Сооронкулова, Аймен Касенов, Азамат Эсенбеков, Кубанычбек Кадыров, Элеонора Турдубекова, Садык Шер-Нияз, Үрүстөм Кабылбеков, Илгиз Товкеев, Бактыбек Калмаматов, Жамбыл Камчиев, Мыктыбек Арстанбек, Токтайым Уметалиева, Асланбек Малиев жана Медер Болгомбаев БШКга расмий арыз тапшырган. Бакыт Бакетаев арызын кайра кайтарып алган.

Ошондо 14-ноябрга карата шайлоого катышуу ниетин баш-аягы 40 киши билдирди.