Мөлтүр-Булак алыстан караганда айыл эмес эле, дүпүйгөн чоң бак болуп көрүнөт. Ар бир үйдүн алды, арты бак, ар бир үй түрлүү даам мөмөлүү даракка оронгон. Жаз, жай, күз айлары бул айылдын чырайы бөтөнчө ачылат. Бак адегенде жаз алды айылды аппак, кызгылт гүлдөргө оройт, анан жашыл жалбырактар дүркүрөп өсүп, көп өтпөй жалбырак арасынан жаңыдан байлаган горолор баш багып, мөмөлүү дарак улам жүгү оордоп, шак-бутагы ийилип, кош бойлуу энедей ажарына чыгат.

Айылдагы үйлөрдүн көбү эски, дубалдары жапыз, бозоруп,көзгө комсоо, көчөлөрү ийри-буйру. Мөлтүр-булакты көрккө бөлөгөн анын бак-чарбасы. Кышкысын да бак ичине кирген адам дарак башында кургап калган газанек өрүк, алмаларды таап жеп чыгат. Жерге түшпөй калган сабагы бышык алма, өрүктөрдүн кээси кургаса да бутакка жабышып кыш бою тура беришет. Тунук суу ичкен Мөлтүр-булактын газанек мөмөлөрүнүн ширин даамын кыш чилденин кары менен аязы да кетире албайт.

Мөмөгө киргенче бакты баладай карап, камкор багып, анан мөмөлөр бышканча жылдап сабыр тутуп, күтүп, колунан кетмен, күрөгү түшпөгөн бул айылдын багбандарынын мүнөзү да, жашоо эрежеси да бир башкача. Эки адамдын башы бириккен жерде бак тууралуу гана сөз болот. Айылдыктар бири- бирин бак- чарбак өстүргөнүнө жараша баалашат, кадырлап ызаат көрсөтүшөт. Там аркасына бак көктөтө албаган адамды киши деп санашпайт, андай адам менен бет келип калса да учурашышпайт.

Кыш келип бак-дарактар жылаңачтанып уйкуга киргенде Мөлтүр-Булактын пакса дубал тамдары көзгө даана көрүнүп, айыл жүдөө, көрксүз тартып калат. Айылдыктар бар күчүн бакка жумшаганы менен, негедир чоң, заңгыраган үй-пүй курайын дешпейт. Чоң там салса жер тарып, бак-чарбасы кыйылып, азайып калчудай, кичине тамда эле жашаганга көнүп алышкан.

Ушул айылдын билимдүү, барктуу адамдарынын бири Темир күнү бүгүн интернет булактардан Каирде жашаган таксист жигит тушуккан кайгы тууралуу кокус окуп калды. Чоочун, капкайдагы адамдын оор машакатка түшкөнү анын түн уйкусун бүлүнттү. Кийинип алып сыртка чыкты. Бурулдата чылымын чегип, үйдүн маңдайындагы сөрүгө бутун салаңдата көчүк басты.

Каирлик: “Энемдин акыбалы катуу деп жазыптыр. Өлүп калса, сөөктү кайда алып барып көмөөрдү билбеймин. Эки метр жер сурап барбаган жерим калбады. Шаар көрүстөнүнөн орун алайын десем ал менин жашаган үйүмдүн баасынан да кымбат экен. Кудайдан тилегеним, мен жер тапканча энем өлбөй турса экен…эне, кайратыңды топто, дагы бир,эки жыл жакшылап иштесем, сени көмгөнгө жер сатып ала алам”. Сөзүнүн аягында “Энеме бата берип койгула, айыгып кетсин деп кайрылыптыр”. Интернетте ага бата бергендер көп экен, Темир да дубасын берди. Үйүнөн чыгып, башка иштерине алаксып жүрсө да, каирлик таксисттин акыбалы керээли-кечке жадынан кетпей, бушайман болду.

“Гөрдүн баасы үйдүн баасынан кымбат дегени эмнеси!” — Темир чылымын ыргытып жиберип, короосунда гыжабасы кайнап, аркы-терки басты. Пирамида — көрүстөндөрү менен дүйнөгө дүңгүрөгөн Мисирде бир кемпирди көмгөнгө эки метр жер табылбаса.

Эми муну окугандан кийин каирликке жардам берүү керек го. Билбей калса бир жөн эле. Бирөө жарым кол сунабы деген кыязда ал өз касиретин ачык жазды да. Темирдин санаасы санга бөлүндү. Кана эми, ылаажысы болсо бу кең коргонунан эки метр жерди кесип туруп ага салып жиберсе…

Сөрүсүнө чалкасынан жатып алып, эми ал өзү, өзүнүн өлүмү, өлсө аны кантип көмүшөөрү тууралуу элестетти. Анын айылы Мөлтүр-Булактын атарабы бүт көрүстөн, батышында “Көтөрөмазар” жатат тоо этектей созулуп, түштүк тарабында ыйык “Лангар ата”, ал да сайдын ичинде суу бойлоп узундан узун, дагы бир жагында “Мыктым гөрү”. Мындай көрүстөндөр курчаган айыл дүйнө жүзүнүн бир да жеринде жок болсо керек. Каалашыңча өлө бер, эл да сени каалаган көрүстөнүңө алып барып көмүп коет. Эки метр эмес, беш метр жерге жатам десең да жата бересин, бепбекер.

Ушул ойду ойлоп, көңүлү жай алгандын ордуна Темир чочуп кетти. Ордунан тура калып, тообо келтирди. Айылда акыркы жылдары өлүм көп. Көрүстөндөр тез эле чоңоюп барат. Өзүнүн да жашы бир топко барып калды.

Өлүм, караңгы көр, бозоргон топурак… Темирдин заматта заманасы куурула түштү. Кайда качат, бул өзү деле эртеби кечпи топурак жазданат. Дене боюн бир боштук аралап, коркунуч каптады. Деми кысылып, жүрөгү дүкүлдөп, алда-немедей акыбалга кептелди. Айылда муну баары көптү билген билимдүү, “билерман” деп сыйлашат. Азыр өлүм маселесине келгенде билгендери да, билими да буга жардам бере албай, анын аргасы кетип турду.

-Оо, жараткан, өлүмдү адамга берген соң, аң-сезимди, акыл-эсти анын башына неге ыроолодуң?! Өлөөрүңдү билип, аны элестетип, күтүп, коркуп жашоо, бу кандай оор азап! — Темир жылдыздары суюлуп, бүркөк тарткан асманга карады. Чачыраган сан жылдыздын баарынын катарын, аталыштарын билет, бүгүн аларга демейдегидей суктана албады. Жабышкан жагымсыз ой аны коё бербеди.

Башын мыкчыган Темир ойго басынды, анын боорукер жүрөгү адегенде дүкүлдөп, анан сыздап ооруп чыкты. Эми көмкөрөсүнөн жатып эки колун шалдайта жайып, жерге биротоло жабышып алды. Башын көтөргөнгө алы жок. Өлүм тууралуу ой аны биротоло басынтып, заматта бечара кылып, алсыратып койду. Жата берди. Бир маалда түңкү шамал мөмөлөрү ийилип, бышайын деп турган Темирдин чоң багын адегенде шуудуратып өттү. Шамал күчөгөн сайын бак ичинде топулдап алмалар, өрүктөр жерге түшө баштады. “Бу, караңгыдагы дейди шамал мөмөнүн баарын күбүп салмай болду, басылса экен…,быша электе сабагынан эрте ажырап, булар да өлүмгө эрте баш коюп…” — Көмкөрөсүнөн жаткан Темирди жок болуу кайгысы биротоло чырмап алды.

Ал кыймылсыз, жерге жабышкан акыбалда жата берди. Эбак көз жумган ата-энесин эстеди. Энесинин сөөгүн казанакка коюп жатканда колу калчылдап, кулагы чуулдап, буттарынын бар-жогун сезбей калганын эстеди. Жаш эле, андан бери канча жыл өттү. Экөөнүн тең алигиче сөөктөрү чирип калды да…- Темирдин көзүнө таш тегеренди, тура калып, коргонун жаңыртып өксөп ыйлагысы келди. Майда калтырак денесин каптап, өйдө болоор алы жок. Шамал күчөгөндөн күчөдү, бак ичинде болсо мөмөлөрү топулдап түшө берди. “Жаныбарым, алмалар, бышпай жатып күбүлмөй болду” . Темир мөмө бактарын “Жаныбарым” дегенди атасынан үйрөнгөн. Эсинде, мындан бир кыйла жыл мурда, анда бул бала эле, бир күнү атасы пешайванга жакын өсүп турган алма дарагын кесип салмай болгон.

-Үч жылы катары мөмө байлабайт, мындай кысыр дарактын не кереги бар, жок дегенде отун болсун, -Ушинткен атасы араасы менен даракка эми гана тиш салаарда апасы үйдөн атып чыгып, анын колун кармай калган:

-Коюуңуз, атасы, мөмөсү болбосо саясы бар, бу алманы серасыл дейт, сабыр кылың…, быйыл болбосо эмки жылы, эмки жылы болбосо кийинки жылы, акыры мөмөсүн берээр ….Ушинтип атып апасы алманы өлүмдөн куткарып калган. Кийинки жылы бул алма элде жок көп мөмө байлаган, шактары ийилип, жерге тийгенче, апасы айткандай эле серасыл экен. Азырга чейин жыл сайын ушинтип мөмөлөйт, кимгедир убада бергендей, карызы бардай, өлүм кайгысы аны да чочутуп койгондой…

Бул окуядан кийин атасынын бак-дарактарга болгон мамилеси өзгөргөн. Бак ичинде суу койгон учурда, же аларды бутап, дарылап жүргөн маалында ал алма-өрүктөрү менен күбүрөп сүйлөшө берчү:

-Бу сен, жаныбарым, быйыл жалбырактарың неге суйдаң, өңдөн азып калыпсың, неден жабыркадың экен…- Ал жүдөй түшкөн даракка кадимкидей үйрүлүп, түбүн жумшартып, азык чачып, дарак өзүнө келгенче эси кетет эле.

-Сенин болсо быйыл көрүнүшүң жакшы, көз тоёт дечү жалбырактары жапжашыл болуп барпайып, мөмөлөрү ийилип турган алмасын, же өрүгүн суктана карап.

Темирдин бала кезинде булардын багы абдан чоң эле. Кийин атасы балдары бой тартканда чоң бакты төрткө бөлүп, төрт уулуна берди. Берип жатып атасынын:

-Силер да балаңарга бак калтыргыла, бул атанын милдети. Так калтырганча бак калтыр дейт. Бак багат, так таят, балдарым — дегени эсинде.

Атадан калган мөмө-жемиштүү бак буларды чын эле ушул күнгө чейин багып, алигүнчө буларга атасындай калдайган караан болуп келет.

Бүгүн өлүм мүшкүлү катуу кайгыга салып, алсыратып, бүк түшүргөн Темирди шамалга топулдап түшүп жаткан алма-өрүктөрү улам алаксытып, оюн бөлүп, кайратына келтире баштады. Ордунан туруп, жамгыр жаап киргенче жер жайната төгүлгөн алма, өрүктөрүн терип, жыйнаса болот эле. Быйыл айылда түшүм ойдогудай. Ушуну ойлоп, ичинен кудуңдап алды. Каирлик жигитке жардам бергенге да жетет. Темир ширин, асыл, өтүмдүү мөмөлөрдү өстүрүп, аларды сатып тиричилик кечиргенине , бала-чакасын окутуп, үйлөп-жайлап жатканына сыймыктанып кетти. Канча жылдар ушул багы бар үчүн кыйналбай жашап келет. Башын көтөрүп бак жагын бир карап алды. Шамал күчөп, бак ичинде алма, өрүктөрдүн топулдагы дагы көбөйдү.

Бир маалда анын дарабазсы алда немедей катуу такылдады.Темирдин баятан берки дүкүлдөп, сыздап ооруган жүрөгү дагы бир булкуп алды. Ким бул түн жарымда?! Айыл ичи аман болсо экен. Ою бүлүнгөн ал оор денесин араң көтөрүп ордунан турду. Жетип барып ачканча дарбаза тынымсыз такылдай берди. Дарбазасы сыртында аны алып-сатар Жусуп күтүп турган.

— Темир ава, бу шамалдын кейпин көрүп сизге дароо келдим, капа этпеңиз… – Жусуп аны менен чала-була кол алышты да, айдап келген машинесинен шагыраган бош жашиктерди Темирдин короосуна ыкчамдык менен ташый баштады.

— Күбүлгөн алма, өрүктөрдү бала-чакаңыз терип, бу жашиктерге сала берсин, мен таң атаары менен келип жүктөп кетем.

Ал башка кеп-сөзгө келген жок. Темирдин кабак-кашына да, убайым тарткан жүзүнө да көңүл бурбады. Жашик жүктөгөн машинесин адатынча шашып айдап башка үйлөргө кетти. Дарбазасын жаап жатып Темир ичинен Жусуп алып сатарга бир чети ыраазы болду. Бу айылдын бир даана мөмөсүн жерде калтырбай жүктөп барып, чоң базарга өткөрүп, буларга канттай кылып акчасын алып келип колуна берет. Өзүнөн башка бир да алып сатарды Мөлтүр-Булакка жолотпойт. Муну да жөн койбой айрым айылдаштары анын кызыл кулактыгын, базары алыс айылдыктардын алма-өрүгүн арзан –герөө кылып алып, анан кымбатка сатаарын, ушинтип жүрүп оңой байып кеткенин, өзү бир түп мөмөлүү даракты отургузуп, өстүрүп көрбөгөнүн айтып жүрүшөт. Жусупка болсо баари бир, мындай кептерге эткээл денеси “солк” этип койбойт, күн-түндөп чуркап жүрүп чоң машинесин мөмөгө толтурат да, райборборду көздөй жөнөп кетет.

Түн коюланган сайын шамал катуулай берди, бош жашиктер ары-бери камгактай учуп, караңгы бакта бала-чакасы менен алма-өрүк терип жүргөн Темирди бир топ убарага салды. Таңга жуук Жусуп алып келген бардык жашиктерди толтуруп, анын машинесине жүктөп берген соң гана Темир көңүлү жайлана үйүнө кирип, интернетин ачты. Каирлик жигитттин энесинин ден соолугу үчүн бата бергендердин саны бир кыйлага көбөйүптүр. Имати тарактап , берешендиги кармаган Темир болсо ага түз эле фейсбуктан кат жаза баштады.

“Алыскы, тоо койнунда жайгашкан, тунук суусу тиш какшаткан, Ай көрүнгүс дүпүйгөн мөмө бактуу, эли мээнеткеч Мөлтур-Булак айылынан салам жолдойм”.- деп баштады ал катты, — Бизде адамдын башына мүшкүл түшсө чогуу-чараан колдоо көрсөтө турган эзелки салтыбыз бар. Биздин айылдыктар мындайда ойлонуп, кыйылып отурбайт, бир түп алмасынын эле түшүмүн “ме”, деп берип коюшат. Ошондо сегиз жүз түп алманын түшүмү оо, бир далай акча болуп калат! Сиз кыжаалат болбоңуз, Мөлтүр-Булакта бир да кедей, жакыр үй-бүлө жок. Баары бакубат турушат. Мунун сыры ширин мөмөлүү биздин Бакта. Биз бак өстүргөндү жакшы көрөбүз. Биздин айылдын атынан сизге жакын арада колдоо барат, кабыл алыңыз”.

Катты жазып бүтүп Темир жүрөгү туйлап кетти. Бул катты окуп, каирлик жигиттин таң калган жана сүйүнгөндөн көзүнө жаш тегеренген акыбалын элестетти. Темир өзүнүн аткарып аткан ишине сүйүнгөндөн туруп алып, бөлмөсүндө аркы-терки баса баштады. Бети албырып, көздөрү күйүп чыкты. Ал бирөөгө жакшылык кылаарда дайым ушинтип толкундап, оолугуп өзүн коёрго жер таппай калат. Терезе тушуна келип, дүпүйгөн багы тарапка көз чаптырды. Сыртта болсо түндөн берки шамал басылып, майда жамгыр дыбырап төгүп кирди. Дыбыраган жамгыр менен кошо ушул чакта фейсбук бетинде Темирдин катын колдоп, жүздөгөн, миӊдеген адамдар ага ырахматын, ыраазылыгын жаадырып атышкан эле…

2017-ж.

Топчугүл Шайдуллаева