Чүй облусунун Жайыл районунда койлордун баасы кескин жогорулады

96

Чүй облусунун Жайыл районунда койлордун баасы кескин жогорулады. Эң кымбаты 120 миң сомдон сатылууда.

Кечээ, 15-ноябрда мал базарда Панфилов ройонунун тургуну Сартбай аттуу жаран гиссар породасындагы Аюу деген кочкорун 120 миң сомго баалаган. Анын айтымында, бул кочкор 5 жашта. Бою 1,3 метр, болжолдуу салмагы 170-180 кг. Кочкор үчүн алармандар 90 миң сом сунушташкан.

Бул базар койлордун баасы кескин көтөрүлүп кеткенин көрсөттү.

«Буга чейин бир жаштагы козу 7 000 сом болсо, бүгүн бул козулар 11 000 сомго бааланууда. Бир ай мурун 10 000 сом болгон койлор азыр 15 000 сомдон сатылууда. Бул эттин кымбатташына байланыштуу. Орточо эсеп менен 1 кг эт 450 сом турат», – дейт содагерлер.

Булак: Турмуш