Бишкектеги башаламандык учурунда качып кеткен мурдагы ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Москвадан байкалды. «Компромат Телеграм» каналына ИИМдин мурдагы кызматкерине окшош адамдын сүрөтү жарыяланды.
Белгиленгендей, иш-чара Россиянын полиция кызматкерлеринин күнүнө арналган.
Эске салсак, 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү Бишкектеги башаламандыктан кийин кылмыш иши козголгон. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Ички иштер министрлигинин экс-жетекчилери Орозбек Опумбаев менен Кашкар Джунушалиев кызмат ордун , өз кадрларын таштап кетишкен.