Ырчы Нелянын апасы пневмония илдетинен каза болду. Бул тууралуу ырчынын жакындары ырасташты.

Маалым болгондой, Неля айымдын апасы кечээ, 15-ноябрда көз жумду.

Буга чейин ал апасы ооруп жатканын, анын жакшы болуп кетеринен үмүттөнүп жатканын социалдык тармактагы баракчасына:

“Апаңдын ден-соолугу, абалы кандай болуп калды?- деп тынчсызданып, жакшы тилектерди жазып сураганыңыздарды окуп аябай ыраазы болдум, рахмат.
Бирок апамдын абалы азыр өтө оор. Алланын ырайымы, мээрими менен буйруса бардыгы жакшы болот деген үмүтүм бар.
Силерден болгон суранычым алакан жайып апама дуа кылып коюңуздарды өтүнөм
Эч ким оорубасын!
Силерге дагы бир жолу рахмат.
Буйруса, бардыгы жакшы болот!” – деп жазган.