Эл аралык окумуштуулар тобу лазер ойлоп табышты, анын жардамы менен чагылганды башкарып, траекториясын өзгөртүп, белгилүү бир жерге түшүрүүгө болот. Алар табылга жөнүндө Nature Communications журналына жарыяланган илимий макаласында билдиришкен.

Австралиянын Улуттук Университетинин (ANU) жана Канберрадагы UNSWдин изилдөөчүлөрү электр заряды сакталган жалпак параллель плиталардын жардамы менен «миниатюралык күн күркүрөөнү» жаратышты.

Физиктер моделге лазер менен башкарылган графен өткөрүүчү бөлүкчөлөрдү колдонгон. Лазер нуру абаны ысытат, анда жогорку өткөрүмдүүлүккө ээ канал пайда болот, ал аркылуу чагылган түшүп турат. Лазер нуру микробөлүкчөлөрдү жылытып, жогорку агымдуу канал жаратат, ал аркылуу электр разряды жылып баштайт. Ошентип, окумуштуулар чагылганды так аныкталган багытка жылдыруунун жолун табышты.

Изилдөөчүлөр ачылыш абадагы электр разрядынын жолун так көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет деп эсептешет. Мындай ыкма аба ырайын көзөмөлдөө үчүн да, өнөр жайда же медицинада пайдалуу болушу мүмкүн дешет.