2020-жылдын 10-ноябрь күнү саат 8:30 чамасында Кочкор РИИБнин 102 кызматына Кочкор районунун  тургуну 1961-жылы туулган К.Ж, кошунасы 1971-жылы туулган К.К жансыз денеси үйүндө жаткандыгы тууралуу билдирген.

Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган учурда азиат улутундагы эркек адамдын жансыз денеси табылган.

Окуя болгон жерден алынган далил заттарга жана маркумдун денесинен алынган канга соттук-химиялык экспертиза дайындалган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Кочкор районунун Мантыш айылынын 1995-жылы туулган Ш.Ж кылмышка шектүү болгондуктан убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Шектүүнүн берген көрсөтмөсүндө маркум К.К экөө жолугуп, өз ара жакалашып уруша кетишкенинен ал жерден шектүү качып кетип, К.К үйүнүн жанында күтүп, ал үйүнө келе жаткан учурда артынан келип таш менен башка чаап үнү чыкпай калганда үйүнө сүйрөп кирип таштап кетип калгандыгын билдирген.

Бүгүнкү күндө бул факты боюнча Кочкор райондук ички иштер бөлүмү тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.