Түнкүсүн смартфонду өчүрүп коюунун оң таасири бар. Бул тууралуу адис Алеся Боровикова ачыктады.

Анын айтымында, техникалык көз караштан алганда, телефонду түнкүсүн өчүрүү пайдасыз, анткени аппарат узак убакытка чейин үзгүлтүксүз иштелип чыккан. Бирок, психологиянын көз карашы боюнча, гаджеттерди уктаар алдында колдонуудан баш тартуу негиздүү.

«Уйкунун бузулушу менен караңгыда төшөктө смартфон колдонуунун ортосундагы түз байланышты көрсөткөн изилдөөлөр бар», — дейт.

Ал, адатта, уйкунун бузулушу экрандын өтө жаркыроосунан келип чыгаарын айтты.  Андыктан гаджетти эс алаардан мурун өчүрүп коюу керектигин, же уктоого чейин жок дегенде бир саат мурун колдонууну сунуш кылды. Ушуга байланыштуу, Алеся Боровикова смартфондордо экрандын жаркыраган спектри саргайып, көздү анча-мынча дүүлүктүрбөй турган атайын режимди иштетүүнү сунуштады.

«Бул параметрди башкача атоого болот (Xiaomi үчүн окуу режими, iPhone үчүн Night Shift)», — деп белгиледи эксперт.