Батыш Казакстан облусунун Ханкол айылынын тургундары аларды сары кыздын арбагы кысымга алып жаткандыгын билдиришти. Видео жана сүрөттөр социалдык тармактарда тынымсыз таралууда.

Облус акими Гали Искалиев маалымат ишенимсиз деп эсептейт, бирок ошого карабастан полицияга кырдаалды текшерүүнү тапшырды, деп жазат «Надежда» гезити.

Ханкол айылынын жашоочуларынын айтымында, кыздын арбагы айылда «сейилдеп», терезелерди тыкылдатып, өтүп бара жаткандарды коркутат. Айдоочулар унааларында арбак пайда болуп, унаа башкарууга тоскоол болуп жатканын айтышат. Айылдын акими жергиликтүү имам жана аксакалдар менен биргеликте садака — курмандык чалды.

“Полиция, айылдыктарды бирөө алдап жатабы же жокпу, адамдарда массалык галлюцинация белгилери барбы же жокпу, Каратөбө районунда киши башына канча самогон өндүрүлүп жаткандыгын аныкташ керек”, — деп жазат гезит.

Белгилүү болгондой, социалдык тармактарда тасма тараган. Анда, ак кийимчен адам айдоочуларды коркутуп жатканы айтылган. Айрым интернет колдонуучулар бул жөн гана пранк дешсе, айрымдар кан чыгарып куран окутуу керек деп жазышкан.