Бүгүн, Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгында салтанаттуу шартта милициянын лейтенанты кезектеги атайын наамдар туристтик милициянын кызматкерлерине тапшырылды.

Ысык-Көл облусу туристтик аймак болуп эсептелгендиктен, бул жерге жеке эле чет мамлекеттик туристтер эмес, республикабыздын башка облустарынан да көптөгөн эс алуучулар келип турушат. Ушундан улам, туристтер менен иш алып баруу үчүн областтык милицияда атайын туристтик милиция кызматы ачылган. Аталган кызмат бир жарым жылдын аралыгында, облустка келген меймандардын коопсуздугун камсыз кылууда бир катар иш-аракеттерди турмушка ашырып келишүүдө.

Кезектеги атайын наамдарды тапшырып жатып, Ысык-Көл ОИИБдин жетекчиси Улан Асанбаев, көпчүлүк учурда туристтер, башка мамлекеттерде өздөрүнүн коопсуздугуна толук ишенгенде гана, ошол мамлекеттерге саякатка барарын белгиледи. «Бүгүнкү күндө, облусубуздун аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдары тарабынан көзөмөлдөнүп турат. Ушундан улам, жакынкы арада аймагыбызга эс алуучулардын кышкы туризмдин түрлөрүнө келиши күтүлүүдө. Демек, биздин негизги милдеттерибиздин бири – алардын коопсуздугун толук камсыз кылуу болуп саналат. Өзгөчө коронавирус илдети учурунда, туристер тарабынан саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан белгиленген талаптардын сакталышына жогорку көӊүл бурулушу керек», — деп белгиледи областтык милициянын башчысы.

Салтанаттын акырында, Улан Асанбаев жаӊыдан милициянын лейтенант наамдарын алышкан кесиптештерин кызуу куттуктап,  аларга кызматтагы ийгиликтерди каалап, ички иштер органдарынын кызматкери деген татыктуу наамды ар-намыстуулук жана сыймыктуулук менен алып жүрө тургандыктарына ишенемин билдирди.