Бүгүн, 16-ноябрда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Жогорку соттун алдына чогулушту.

Келгендердин арасында анын жубайы Раиса Атамбаева, кызы Алия Шагиева жана баласы Сеид Атамбаев дагы бар.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку соттун басма сөз кызматы “мыйзамдагы ууру” аталган Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сот отуруму судья ооруп жаткандыгына байланыштуу жылдырылганын билдирген.

Чогулгандардын айтымында, алар процесстин “тынымсыз жылдырылып жатканына” нааразы болушуп, акырына чейин имараттын алдында турууну көздөшүүдө.

Белгилүү болгондой, буга чейин Алия Шагиева атасын колдоп митингге чыгаарын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирген эле.

Учурда Жогорку соттун имаратында 30дай адам турат.