Улуу Британиянын бийлиги 2030-жылга чейин бензин жана дизелдик кыймылдаткычы бар жаңы жүргүнчү ташуучу унаалардын сатылышына тыюу салууну пландап жатат.

“Financial Times”  билдиргендей, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон ушул жумада билдирүү жасайт.

Алгач, Британ өкмөтү мындай тыюуну 2040-жылга чейин киргизмек болгон, бирок февраль айында министрлер кабинетинин башчысы «бензин жана дизелдик кыймылдаткычы бар жаңы жүргүнчү ташуучу унаалардын сатылышын андан да эрте, 2035-жылга чейин токтотуу» ниетин билдирген. Эми, гезит булактарынын айтымында, бийлик ушул он жылдыктын аягына чейин аталган машиналарды өлкөдө сатуудан баш тартууга ниеттенүүдө.

“Financial Times” гезити 2030-жылдан баштап жаңы бензин жана дизелдик унааларды сатууга тыюу салуу жөнүндө жарыя унаа ээлерин экологиялык таза унааларга өтүүгө түртүү максатында жасала тургандыгын баса белгиледи. Өкмөт электр машиналарын кубаттоочу бекеттеринин тармагын кеңейтүү үчүн 2021-жылы 500 миллион фунт стерлинг (660 миллион доллар) бөлүшү керек деп күтүлүүдө. Гезит белгилегендей, падышалыкта электромобилдердин популярдуулугу жылдан жылга өсүүдө, бирок учурда башка автоунааларга салыштырмалуу аларга болгон суроо-талап бир топ төмөн: өткөн айда алардын сатылышы жалпы сумманын 7% гана түзгөн

Бул чечимдерди кабыл алуу менен Британ өкмөтү 2050-жылга чейин антропогендик парник газдарынын чыгарылышын нөлгө жеткирүүнү көздөп жатат. Лондон Net Zero деген программа менен 2019-жылы парник газдарынын бөлүнүп чыгышын кыскартуу жолунда. Падышачылык акырындык менен атмосферага зыяндуу заттар азайып турган өндүрүштүн жана турмуштук иштин мындай ыкмаларына өтөт деп болжолдонууда