Курмангазы Кулматов учурда Талас шаардык күзөт бөлүмүнүн ыкчам аракет тобунун взвод командири, милициянын лейтенанты. Каарманым алгачкы кызматын 2006-жылы Талас шаардык күзөт бөлүмүндө катардагы күзөт милиция кызматкери болуу менен баштаган. Ал убактан бери канча деген жылдар агып, азыр каарманыбыз өз ишин так билген тажрыйбалуу кызматкер болуп турган кези. Ар бир адам өзүнүн жүрөгү менен жактырган кесиптин ээси болгусу келет эмеспи, Курмангазы дагы кичинесинен эле форма кийип жүргөн адамдарга суктанып келчү. Кийин мектептеги окуусун бүтүрүп, жогорку окуу жайдын тарых факультетин аяктап, мугалимдик кесиптин ээси болот. Бирок кичинесиндеги “милиция кызматкери болом”-деген оюнан кайта албай, азыркы кесибин тандап алган.

Милиция кызматкеринин ар-бир күндүк иши ар кандай окуялар менен курчалып тураары анык. Курмангазы да башынан өткөн бир окуяны баяндап берди. Күндөгүдөй эле иш башталып, эртең мененки нускамалоо өтүлүп, анда түндө уурдалып кеткен жеңил автоунаанын багыттамасы берилген. Кечке маал шаардын көп эл баспаган жактарынан өтүп баратышып, багыттамадагы унаага түсү окшогон автоунаа токтоп турганын байкап калышат. Дароо эле  жанына барып караса унаанын баардык белгилери төп келишип, түндө уурдалып кеткен унаа болуп чыгат. Ал унааны дароо алып жөнөбөстөн, «Муну айдап келген адамдар кайра кайтып келет болушу керек»-деген ойго келишип, акырын автоунааны акмалаганга өтүшөт. Кудай жалгап ошол күнү да каарманыбыз тейлеген аймакка көп чакыруу келген эмес. Түндүн бир оокумунда эки адам келип автоунаанын эшигин ачып отурган убакта, аңдып турган атайын топ барып кармап калышкан. Бирок экинчи адам эшикти ачып качканга үлгүрөт. Анын артынан кубалап, көп узатпай кармап келишкен. Автоунааны уурдап айдап жүргөндөр жаш балдар болушкан, эмне кылаарын билишпей таанышынын унаасын уурдап айдап жүрүп, кайра кайтарып берүүнү ойлошкон экен.

«Оюндан от чыгат» дегендей ойноп иш кылабыз деп, кылмышка кабылып калган учурлар да аз эмес. Милиция кызматында мындай окуялар көп болгондуктан, муну күнүмдүк иш катары эсептеп, элге кылган кызматыбыз деп келишет. Каарманыбыз кызматынан тышкары Кыргызстандын тарыхына, санжырасына кызыгып келет. Ал тууралуу китеп, журналдарды кыя кетирбей окуганды жактырат. Курмангазы азыркы убакта кыргыз милициясынын жакшы жактарга өзгөрүп келе жатканын айтып, келечекте мындан да жакшы өзгөрүүлөр болоруна ишенээрин айтат.

Данислан Асамидинов