Бишкекте унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн саат 14.30 чамасында Чүй проспектисинде ЦУМдун жанынан Лексус унаасы күйүп кетти. Келген өрт өчүрүүчүлөр саат 14.56да өрттү толугу менен өчүрүшкөн.

Учурда өрттүн себеби такталууда. Кырсыктан жабыркаган жарандар жок.