БШК президенттик шайлоого катышкан талапкерлердин документтерин текшерүү иштерин баштады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттикке талапкерди колдоп кол чогултуу боюнча кол коюу барактары ыйгарым укуктуу өкүлдөр тарабынан 2020-жылдын 3-декабрынын 24:00 саатына чейин Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилет. Ал 7 күндүк мөөнөттө каттоо кызматтарынын кызматкерлерин тартуу менен коюлган колдордун аныктыгын текшерүүнү жүзөгө ашырат. Колдор коюлган барактарды кабыл алууда Борбордук шайлоо комиссиясы ар бир кол коюу барагын мөөр менен күбөлөйт жана кол коюу барактарын кабыл алганы жөнүндө жазуу жүзүндө ырастама берет.

Талапкерлерди каттоо 2020-жылдын 14-декабрында аяктайт. Борбордук шайлоо комиссиясы каттагандан кийин 2 календарлык күндүн ичинде катталган күнүн көрсөтүү менен президенттин кызматына талапкерлерге тиешелүү ырастама берет.

Шайлоо алдындагы үгүт талапкерлердин тизмесин каттоо мѳѳнѳтү аяктаган күндѳн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда, тагыраагы, 2021-жылдын 9-январынын 08:00дөн тартып токтотулат.

Президенттик шайлоо 2021-жылы 10-январда өтөт.

Эске салсак, 14-ноябрь саат 23:59га карата 65 талапкер БШКга арызын тапшырган. Алардын ичинен экөө арызын кайра кайтарып алды. Жалпысынан БШКга 63 талапкер арыз тапшырган.