Бүгүн, 17-ноябрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 486 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 143, Ош шаарынан – 22, Чүй облусунан – 137, Ош облусунан – 32, Талас облусунан – 18, Ысык-Көл облусунан – 42, Жалал-Абад облусунан – 49, Баткен облусунан – 36, Нарын облусунан – 7 катталган. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 67 469 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 555 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 58 315ке жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 140, Ош шаарынан – 15, Чүй облусунан – 92, Ош облусунан – 72, Ысык-Көл облусунан – 51, Жалал-Абад облусунан – 90, Баткен облусунан – 72, Нарын облусунан – 5.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 4 адам: Бишкек шаарынан – 2, Талас облусунан – 1, Чүй облусунан -1  каза болду. Жалпы саны 1207ке жетти.