Ноябрь айында 20 миң адам пневмококк инфекциясына каршы эмделет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Ал учурда калк арасында сасык тумоого каршы эмдөө жүргүзүлүп жатканын айтып өттү.

“Сасяк тумоого каршы калктын 13%ы эмделет. 17-ноябрга карата 297,1 миң адам эмделди. Ошондой эле акы төлөп менчик клиникаларда 6 миң 750 киши эмделген. 25-ноябрга чейин 550 миң доза вакцина келет деп күтүп жатабыз. Андан тышкары ноябрь айында өнөкөт оорулары бар жана жашы 65тен ашкан 20 миң адамды пневмококк инфекциясына каршы эмдөө пландалган”, — деди ал.