16-ноябрда Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев коронавирус менен күрөшүүгө арналган жыйында өлкөдө Россиянын коронавируска каршы вакцинасын өндүрө турган завод куруу пландалып жатканын билдирди.
«Россия президенти менен орус вакцинасын өндүрүү заводун куруу боюнча келиштик. Өкмөт ушул долбоорго инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады», – деп билдирген ал.
Токаев “ата мекендик вакцинаны өндүрүшкө киргизүү – өкмөттүн алдындагы эң чоң тапшырма” экенин баса белгилеген.
Булак: Биринчи радио