Үстүбүздөгү жылдын январь айынан октябрга чейин Кыргызстан 22 миллиард 432 миллион сом карызынан кутулду. Бул тууралуу Финансы министрлигинин сайтында жазылган.
Алгач бул чыгымдардын суммасы 28,8 миллиард сом деп пландалган, бирок доллардын курсу өсүп жана башка төлөмдөр кошулганда 32,8 миллиард сомго чейин чыккан.
Он айдын аралыгында Тышкы карыз — 9 миллиард 991 миллион сом ал эми ички карыз — 12 миллиард 440 миллион сом төлөнгөн.
Сентябрдын аягындагы маалымат боюнча, мамлекеттик карыздын суммасы 4,8 миллиард долларды түздү.
Булак: Биринчи радио