2020-жылдын сентябрь-октябрь айларында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнүн алкагында өлкөдөгү баардык билим берүү мекемелеринин денгээлинде Мектеп окуучулары “Мен келечекте куткаруучу, дарыгер болгум келет” “Коронавирус эпидемиясы эмнеге үйрөттү” “Суу жээгинде эс алуу эрежелери” темалары боюнча “Эң мыкты эссе” жана “Эн мыкты сүрөт” кароо сынагы жыйынтыкталды. Сынак аралыктан уюштурулуп, онлайн түрүндө 2 ай убакыт жүргүзүлдү. Баардыгы болуп 670 мектептен 1339 мектеп окуучусу катышкан. Иш чара Улуттук Кызыл жарым ай коому Швецариялык Кызыл Чырым коомунун каржылоосу менен болду.
Бүгүн мыкты деп тандалган мектеп окуучуларына баалуу белектерди Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев тапшырып, балдардын таланттарына баа берди. Өнөр ээлерин билим жаатында мындан да мыкты жетишкендиктерге жетишин каалады.
Министр өз сөзүндө “Бул иш-чаралар өлкөбүздүн ар бир жаранынын активдүүкатышуусу элибизди ири табигый кырсыктардан сактоо жаатында улуттук потенциалды чыңдоонун дагы бир чоң кадамы болот, бул жооптуу чөйрөдө конкреттүү сунуштарды иштеп чыгууга жаштардын бул багытта билим денгээлин жогорулатууга өсүп өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт деп ишенем” – деди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук жана шаардык башкармалыктары, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү Кырсыктардын тобокелин азайтуу иш-чараларын улантат.
КР ӨКМдин Басма сөз кызматы