Укмуш, укмуш кинолорду
окуялуу, мааниси зор.
Тартуудамын кыялымда
болуп алып режиссёр.
Кырк чорону тизип, ролун
өзүм алдым Манастын.
Каныкейин жүрөм издеп,
аны аткарат, кана ким?
Ашуу аштым Долонго окшош,
астында агат дарыя.
Илиязы болуп алдым,
керек эми Аселя.
Бул кинону тартамын деп,
кыйнап өзүм келдим ай.
Күйсөм дагы Раймаалы мен,
кана, кайда Бегимай?..
Өлбөйбүз да, жаңылбайбыз,
бактысы да азайгыс.
Турмуш аттуу зор кинодо,
түбөлүккө жашайбыз!
Автор: Бакытбек Мукарамов (Илегилек),
Кыргыз Республикасы.