Вице-премьер-министр Максат Мамытканов президенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабды жетектейт.

Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов менен болгон жолугушууда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кабарлады.

Артем Новиков Өкмөт тарабынан президенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүүгө бардык күч-аракеттер жумшаларын, ал үчүн Республикалык штаб түзүлгөнүн, аны вице-премьер-министр Максат Мамытканов жетектей турганын кабарлады.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Ага катышуу үчүн 63 талапкер катталган.