Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда 24-28-ноябрь күндөрү эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын бокс боюнча чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, чемпионат жаңы олимпиадалык циклге улуттук курама командаларды түзүү, республиканын аймактарында боксту өнүктүрүү жана өлкөнүн жаштарынын арасында боксту популяризациялоо максатында өткөрүлүп жатат.

Мелдеш АИБА эл аркалык уюмдун эрежелери менен эркектер арасында 10 салмактык категорияда жана аялдар арасында 5 салмактык категорияда өткөрүлөт.

Мелдештердин программасы:

24-27-ноябрь күндөрү – алдын ала беттештер, чейрек финал жана жарым финал;

28-ноябрь – финал.