Өлкө аймактарында көмүргө болгон баанын жогорулаганы байкалууда.
Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги билдирди. Маалыматта мамагенттик тарабынан көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүү максатында отун базаларына чыгуулар уюштурулганы айтылат.
Жогорулоонун негизги себеби болуп сезондук фактор эсептелет. Алсак, кыш мезгилинде көмүргө болгон суроо-талап жогору болот.
Ошол эле маалда көмүр алып келүүчү ишкерлердин жолго болгон чыгымдары дагы көбөйөт.
Буга байланыштуу көмүр сатуучуларга жана отун базарлардын администрацияларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.