Бүгүн, 17-ноябрда калаанын социалдык саясат боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева шаардык тез жардам кызматына А класстагы алты жаңы тез жардам унаасын тапшырды.

Шаардык мэриядан кабарлашкандай, Россияда чыгарылган «Соболь» унаалары жалпы тез жардам бригадасына арналган. Алар бардык керектүү дарылоо-диагностикалык жабдуулар менен: бейтапты кычкылтек менен камсыз кылуу, электрокардиографтар, небулайзерлер, дары-дармектерди сактоочу чемодандар менен жабдылган.

“Учурда шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын автопаркынын балансында 54 унаа бар. Анын ичинен 13ү колдонуудан чыгарылууга тийиш, ошондой эле 8 атайын унаа медициналык тез жардам борборуна катталган. Бир күндө орто эсеп менен 31-34 бригада ишке чыгышат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Маалым болгондой, тез жардам унаалары «Вираж» компаниясы тарабынан 13,7 миллион сомго жеткирилип, каражат шаардык бюджетте каралды.

Эскерте кетсек, ушул жылдын июнь айында шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы Бишкек шаарындагы медициналык тез жардам борборуна А класстагы алты тез жардам унаасын сатып алууга тендер жарыялаган.