Кыргызстандын экс-президенти Сооронбой Жээнбеков 16-ноябрь туулган күнү менен куттуктагандарга социалдык тармактагы баракчасына төмөнкүдөй ыраазычылык билдирүү калтырган:
— Урматтуу мекендештерим,
Сиздердин көпчүлүгүңүздөрдөн кечээ, 16-ноябрда менин дарегиме жылуу сөздөр менен бирге куттуктоолор айтылды, жазылды.
Ар бириңизге чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем.
Мен үчүн айтылган ар бир каалоо-тилектериңер кымбат, өзгөчө маанилүү. Мага эмне кааласаңыздар, сиздерге да ошону каалайм.
Ар бир үйдө жакшылыктар көп болсун. Бекем ден соолукта болуңуздар.
Кыргызстаныбызды Жараткан Кудай колдосун!
Сооронбай Жээнбеков