Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлерди 10%га кыскартуу пландалууда. Бул тууралуу мамлекеттик органдардын тутумун реформалоодо сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Бакыт Аманбаев билдирди.

Анын айтымында, бул эмгек акыны жогорулатууга жана мамлекеттик кызматка таланттуу жаш адистерди тартууга мүмкүндүк берет.

«Ал үчүн мамлекеттик кызматкерлер аттестациядан өтүшү керек», — дейт ал.