Социалдык фонддун жетекчилиги тарабынан аймактык бөлүмдөрдөн акча өндүрүп алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

“Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилеринен мажбурлап туруктуу турдө акча өндүрүп алып турган Социалдык фонддун кызмат адамдарынын тобу аныкталды. Тергөө аныктагандай, ал иштердин уюштуруусу Социалдык фонддун аппаратынын “А.Б.” аттуу жетекчиси болгон. Ал фонддун облустагы координаторлору аркылуу аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилеринин ар биринен ири өлчөмдө акча чогултуп турган. Ошол эле учурда айрым жетекчилер “А.Бнын” айткандарын аткаруу жана талап кылынган сумманы толук берүү үчүн ар түрдүү чыгымдарга деп Социалдык фонддун жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн эсептериндеги акчаларды мыйзамсыз алышкан”, — деп билдирет УКМК.

Бүгүн, 17-ноябрь күнү бул иш боюнча Социалдык фонддун аппаратынын жетекчиси кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.