Быйыл январь-сентябрь айларында микрокредиттик уюмдар тарабынан жарандарга 23,4 млрд сом насыя берилди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Быйыл 9 айда микрокредиттик уюмдардан 545 миң адам насыя алган. Былтыркыга салыштырмалуу насыя алган жарандардын саны 18,5%га өсүп, насыялар 6,4%га көп берилген.

Насыялардын көбү Ош (22,3%), Жалал-Абад (15,7%) облустарында, Бишкек шаарында (14,8%) жана Чүй облусунда (13,1%) берилген.

Алынган насыялардын 33,5%ы айыл чарба ишмердиктерин өнүктүрүүгө, 27%ы керектөөчүлүк муктаждыктарга жана 10,4%ы соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө багытталган.