Коронавируска каршы “Спутник V” вакцинасы Кытай менен Индияда чыгышы мүмкүн.
Бул тууралуу Россия президенти 17-ноябрда видеоконференция форматында өткөн БРИКС тин (Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка) саммититинде Владимир Путин билдиргендигин РИА Новости жазды. Путиндин айтуусунда, Россиянын түз инвестициялар фонду индиялык, бразилиялык өнөктөштөр менен “Спутник V” вакцинасын клиникалык жактан сыноо боюнча келишим түздү. Ал эми Кытай, Индия фармацевтика компаниялары менен алардын аймагында вакциналарды чыгарган борбор ачуу боюнча макулдашты.
Россия президенти жакын арада коронавируска каршы россиялык үчүнчү вакцина даяр болорун дагы кошумчалады.