Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан иштелип чыккан Конституциянын долбоору коомчулук менен эксперттердин пикирин эске алуу менен толукталып иштелип чыгат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов билдирди.

Анын айтымында, коомдук талкууга жаңы башкаруу системасын сунуштаган Баш мыйзамдын баштапкы варианты чыгарылган.

Ал билдиргендей, Конституциянын акыркы вариантына талкуу учурунда айтылган сунуштар киргизилет.

“Өлкөдөгү социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн бир адам, тагыраагы мамлекет башчы жооптуу болушу керектигин убакыт көрсөттү. Мурда эч ким эч нерсе үчүн жооп берген эмес, башаламан система иштеген. Башаламандыктан тажаган эл өзгөрүүнү талап кылууда. Мындан мурда бардык чечимдер бир жерде кабыл алынып, кыйын кырдаалдарда бардык “айып” ал чечимдерди аткарган премьер-министрге тагылчу. Ошондуктан турмуш, мамлекеттик башкаруу системасында жаңы жолдорду табуу керектигин көрсөтүүдө”, — дейт ал.

Эскерте кетсек, кечээ, 17-күнү Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы Конституциянын долбоорун коомдук талкууга чыгарган.