Жалпыга маалымдоо каражаттарына Борбуков Мирбек Мааметович кайрылып, Өмүрбек Бабановдун “Кыргызстан коммерциялык банкы” кредит алгандарга “поручитель” болгондордун үйүн кантип тартып алышаары боюнча корупциялык схема иштеп чыгып, жарандарды сыздатып жатканын маалымдап кайрылды.

Кайрылууда Мирбек Борбуков банк кызматкерлери түзгөн коррупциялык схеманын курмандыгы болуп, банктан бир тыйын албаганына карабай үйүн алдыруу коркунучуна кабалып, акыйкат таппай жатканын билдирет. Мына ушул жагдайга тиешелүү укук коргоо органдары көңүл бурат деп ишенебиз. Эмесе кайрылууну өзгөртүүсүз беребиз.

Башкы прокурор Зулушев  Курманкул Токторалыевичге,
Ички иштер министри Ниязбеков Улан Омакановичге, 
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башчысы Жапыкеев Сыймык Асылбековичге 

Кайрылуу

Мен Борбуков Мирбек Мааметович, Сиздерге кайрылуумдун себеби төмөндөгүдөй:

Мен ААК “Кыргызстан коммерциялык банкы” тарабынан мыйзамсыз кыянаттык иштерге кабылып, мойнума миллиондогон кредит илинип, аны тѳлѳѳгѳ мажбурланып, үйүмдү тарттырып жиберүү коркунучуна кабылдым.

2016-жылы менин таанышым Абыканов Узак Конокбаевич ААК “Кыргызстан коммерциялык банкынан” салфетка чыгаруучу өндүрүштүк техника алуу үчүн 6 750 000 (алты миллион жети жүз элүү миң) сом алып, күрөө катары (У.К. Абыкановдун – кредит алуучунун үйү, Микен Токтогуловдун – күрөөгө коюучунун үйү, менин – күрөөгү коюучунун үйү, дагы бир күрөөгө коюучунун үйү) 4 үй коюлган. Алынган кредитке коюлган күрѳѳнүн   наркы жетпей жатат деп Абыканов менин үйүмдү дагы күрѳѳгѳ коюуну суранган. Көп жылдан бери жакын тааныштардан болгондуктан мен макул болуп койгом. Бирок мен банктан алынган кредиттен бир тыйын албаганымды баса белгилейм.
Эскертип кетчүү нерсе, бул кредит Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду тарабынан чакан ѳндүрүштү ишке киргизүү багытындагы бизнес долбоорун колдоо үчүн бөлүнгөн.  Тилекке каршы, чакан ѳндүрүштү ишке киргизүү үчүн алынган кредиттин максаттуу жумшалышына ААК “Кыргызстан коммерциялык банкы” жана Кыргыз-Орус ѳнүктүрүү фонду тарабынан тиешелүү деңгээлде кѳзѳмѳл болбогондуктан, берилген каражаттын дайны табылбай калды.

2019-жылы 15-апрелинде ААК “Кыргызстан коммерциялык банкынын” башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары Сагындыков Жаркынбек Жумабаевич бул кредитке тиешелүү барыбызды чакырып (баары толук келген), чогулуш өткөрдү. Чогулушта кредитти тѳлѳѳ маселесин чечүү үчүн кредит алуучу  У.К. Абыкановдун күрөөдөгү үйүн сатуу боюнча сунуш болду. Бул сунушту барыбыз колдодук. Себеби, ошол убакытта 58 250 АКШ доллары кредиттик карыз бар эле. Ал эми У.К. Абыкановдун үйү болжол менен 60 000 АКШ долларын түзүп, кредитти төлөөгө толук жетмек.

ААК “Кыргызстан коммерциялык банкынын” башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары Сагындыков Жаркынбек Жумабаевич үйдү сатуу боюнча бизге 70 күн убакыт берген. Бул маселе боюнча бардык тарап макулдук бергенбиз. Ушул жолугушуудан бир жума өткөндө Сагындыков Жаркынбек Жумабаевич мага телефон чалып, банкка келишимди кабарлаган. Барсам, Сагындыков Жаркынбек Жумабаевич күрөөгө коюучу Микен Токтогулов У.К. Абыкановдун үйүн сатып алып жаткандыгын жана ошону менен күрөөдөгү У.К. Абыкановдун жана өзүнүн үйүн (ошондо 2 үйдү) күрөөдөн чыгарып,  58 250 АКШ доллары кредиттик карыздын 44 000 АКШ долларын төлөй тургандыгын билдирген. Мен буга такыр макул болгон жокмун. Тескеринче каршы болдум, себеби, эки үйдү чыгарып кетсе, жалгыз менен үйүм күрөөдө калып, кредиттин калдыгы болжол менен 1 200 000 сом менин мойнума илинип, андан тышкары 500 000 сом пайызды кошуп, менин мойнума илинээрин айттым. Ошондо Сагындыков Жаркынбек алынган кредит толук тѳлѳнүп бүтмѳйүнчѳ бир дагы үйдү күрѳѳдѳн бошотпой турганына убада кылды.

Бирок, буга карбастан, мага айтпай Сагындыков Жаркынбек башында турган банктын кызматкерлери Микен Токтогулов менен ич ара келишип алып, мага бир да кабарлабай, өздөрүнчө жең ичинен иш жүргүзүп, эки үйдү күрөөдөн чыгарып жиберишкен. Мен муну кеч билдим. Натыйжада, банк кредиттин калган 1 200 000 миң сомду менден ѳндүрүп алуу талабы менен мага кат жолдой башташты.
Дал ушул жагдай банк жетекчилигинин атайын максаттуу түрдѳ мыйзамды бузуу жолу аркылуу пайда табууну кѳздѳгѳн шылуундук планы бар экени айкын кѳрсѳттү. Себеп дегенде, Абыкановдун үйү 59 миң долларга сатыла турган болсо, кредит толугу менен тѳлѳнүп, баарыбыздын үйүбүз күрѳѳдѳн бошошу керек эле. Тилекке каршы, ААК “Кыргызстан коммерциялык банкынын” башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары Сагындыков Жаркынбек Жумабаевич кредит алуучу Узак Абыкановдун үйүн, үйү күрѳѳдѳ турган Микен Токтогуловго 59 миң долларга сатылды кылып, бирок 44 миң долларын гана банкка тѳктүрүп, 15 миң доллар калдыкты атайын калтырып менин мойнум илип, үйүмдү тартып алуу максатын кѳздѳп жатышат. Ошол эле кезде, Микен Токтогуловдун ѳзүнүн күрѳѳдѳ турган үйүн мага айтпастан, эч себепсиз күрѳѳдѳн бошотуп берген.

Мындай мыйзам бузуу түздѳн-түз Сагындыков Жаркынбектин бир тараптын кызыкчылыгын кѳздѳгѳн иш-аракетинин негизинде жасалды. Буга окшогон мыйзам бузуу Сагындыков Жаркынбек тарабынан биринчи жолу жасалып жаткан жок. Ал буга чейин 2018-жылы кредит алуучу Абыканов У.К. эжесине таандык күрөөдөгү төртүнчү үйдү да мага кабарлабай күрөөдөн чыгарып жиберген. Тактап кетчүү нерсе, бүгүнкү күндѳ мен бул кредиттен бир да сом албаганыма карабай, жалгыз менин үйүм күрѳѳдѳ калып, үйүмдү тартып алуу коркунучу жаралды.

ААК “Кыргызстан коммерциялык банкынын” башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары Сагындыков Жаркынбек Жумабаевич тарабынан жасалып жаткан мыйзамсыз иш-арекеттерди түшүндүрүү жана тактоо максатында аталган банктын башкармалыгынын төрагасы Элебаев Нурдин Эмильевичке кирүүгѳ болгон аракетимден жыйынтык чыккан жок. Себеби, Нурдин Эмильевич мени такыр кабыл албай койду.

Банк азыркы кезде үйүмдү тартып алууну көздөп сотко берди. Учурда үйүмдү алуу боюнча соттук процесстер башталды. Мына ушул жагдайга терең көңүл бурууңузду өтүнөм. Банктан бир тыйын албай эле үйүмдү алдырганы турам.

  • ААК “Кыргызстан коммерциялык банкы” мага кабарлабай, кандайдыр бир кызыкчылыктарды ойлоп, башка күрөөгө коюучулар менен өз алдынча сүйлөшүп алып (тигилердин үйлөрүн күрөөдөн чыгарып, меникин гана калтырып), мени жалгыз кредитти төлөөгө мажбурлап жатат. Банк тарабынан У.К. Абыкановдун, М. Токтогуловдун үйлөрүнүн күрөөдөн чыгарылышынын мыйзамдуулугун карап берүүңүздү суранам;
  • Бүгүнкү күндө жогоруда айтылган өндүрүштүк техниканын дайынсыз болушу жана банк тараптан толук маалымат берилбей жатышы, банктын жетекчилигинин жеке кызыкчылыктары бар экендигин билдирет;

Сиздерге ишеним артып, терең урматтоо менен, Борбуков Мирбек Мааметович  Тел: 0706 399 599, 0553 399 599

PS: Бабановдун “Кыргызстан коммерциялык банкынын” кызматкерлеринин коррупциялык схема түзүп алышып жарандарды сыздатып жаткан мыйзамсыз иштерине  Башкы прокурор Зулушев  Курманкул Токторалыевич, Ички иштер министри Ниязбеков Улан Омаканович, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башчысы Жапыкеев Сыймык Асылбекович мыйзам чегинде тиешелүү чара көрүшөт деп ишенебиз…

Булак: Фабула сайты