«077» – Кыргызстандагы эң популярдуу автономер болуп саналат. Бул тууралуу Мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Автоунаалар үчүн аукционсуз эң көп сатылган мамлекеттик номерлер:

— «077» – 599 даана,
— «707» – 598 даана,
— «055» – 583 даана,
— «505» – 553 даана,
— «011» – 553 даана,
— «101» – 545 даана,
— «088» – 541 даана,
— «808» – 540 даана,
— «515» – 534 даана,
— «717» — 533 даана.

Белгилей кетсек, 2015-жылы мамлекеттик номерлердин жаңы стандарты иштелип чыккан. 2016-жылдан тарта үч орундуу сан жазылган жаңы номерлер бериле баштаган.