Кечээ 17-ноябрда мыйзам чегинде Жогорку Кеңештин 80 депутаты жактырып, конституциянын долбоорун коомдук талкууга алып чыгышты.
Албетте, бул долбоор коомчулуктун сынынан өтүп, алымча-кошумчасы болуп, калкка иштей турган конституция болоруна шек жок. Бирок ошондой болорун билип туруп, бир катар кадыры кайтыш болгон саясатчылар караманча каршы чыгышып жатышат. Алардын анабашы Текебаев «өз баласы» болгон эски конституцияны сактап калуу үчүн, жанын сабап, жер тепкилөөдө. Түшүнүп түшүнбөй, Текебаевди ээрчигенди токтоткула. 30 жылдан бери ээрчип эмне таптык?