Кыргыз өкмөтү ОСАГО мыйзамын артка жылдырды. Чечим пандемиядан улам калктын кирешесинин төмөн болуп жатканына байланыштуу кабыл алынды. Эми камсыздандыруу транспорт каражатынын ар бир категориясы боюнча этап менен киргизилет. Ага ылайык, чет элдик транспорттор үчүн полистерди алуу кийинки жылдын 1-июлунан тарта, ал эми мамлекеттик жана жүк ташуучу унааларга 2022-жылдын 1-январынан тарта милдеттүү болот. Жеке унаалар үчүн мындай талап 2023-жылдын 1-январынан кийин коюла баштайт.