Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККсы Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте Октябрь райондук муниципалдык администрациясынын имаратында бажы кызматынын, УКМКнын, чек ара жана жазаларды аткаруу кызматынын, билим берүү, саламаттыкты сактоо министрликтеринин, “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын, Бишкек шаарынын муниципалдык администрацияларынын, райондук ички иштер башкармалыктарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен баңгизаттарды жана акыл-эске таасир берүүчү активдүү заттарды колдонууну алдын алуу боюнча кеңешме өткөрдү.


Алгачкы сөз менен чыгып сүйлөгөндөр: Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисинин м.у.а. А.С.Анарбеков, ИИМдин БМЖКККнын начальниги, милициянын полковниги Б.А. Матмусаев, БКМКнын жооптуу катчысы Т.А.Исаков.
Өз кезегинде Б.А. Матмусаев баңги бизнесине каршы аракеттенүү чөйрөсүндө коомдун алдында турган милдеттердин мүнөзү заманбап коомдогу көрүнүштөрдү эске алуу менен ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү талап кыларын белгиледи.
Кеңешменин катышуучулары Бишкек шаары боюнча учурдагы баңгизатка байланыштуу кырдаал тууралуу маалымат алышып, баңгизаттарды колдонуу тенденциясынын өзгөрүүсүнө тынчсызданууларын билдиришти.


Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар өсүп жаткан муунга дени сак жашоого жана башка альтернативалык эс алуулардын түрлөрүнө үгүттөө аларды тобокелдик жүрүм-турумга алып келбөөчү, ыймандык, гигиеналык ынанымдарын калыптандыраарына шыктандыраарын баса белгилешти.
Жаштар үчүн спорт аянтчалары менен жабдылуучу аймактарды кеңейтүү тууралуу маселелерди талкулоо үчүн Бишкек шаарынын жергиликтүү аймактык башкармалыктардын, райондук билим берүү борборлорунун жана шаардык салматтыкты сактоо башкармалыктарынын жетекчилери менен кеңешмелерди өткөрүү сунушталды.

Баңгичиликти алдын алуу маселесине бардык мамлекеттик органдарды тартуу деңгээлинде көңүл буруу зарылдыгы айтылды.