Катар мамлекетинин медиктери 80ден ашык кыргызстандыктын жүрөгүнө акысыз операция жасайт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 17-ноябрда Саламаттык сактоо министрлигинде Катардын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Абдулла Аль-Сулайти менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда эки тарап жүрөк оорулуу 81 бейтапка акысыз операция жасоо боюнча механизмдерди жана жалпы саламаттык сактоо жаатында жана медицина тармагында эки тараптуу кызматташуу жолдорун талкуулашты.
«Катар мамлекети саламаттык сактоо тармагына дайыма жардам көрсөтүп келгени баарыбызга белгилүү. Белгилей кетсек, пандемия башталган учурда Катар кайрымдуулук уюму аркылуу 50 миң долларга медициналык жеке коргонуучу каражаттар жана ошондой эле 420 даана кислород концентратор жардам катары министрликке тапшырылып берилген. Ушуга байланыштуу элчи мырза жеке сизге жана Кайрымдуулук уюмуна терең ыраазычылык билдирип кетмекчимин», — деди Саламаттык сактоо министри.
Жолугушуунун соңунда министр Кардиохурургия борборунун жетекчилигине операцияга муктаж болуп кезекте турган жарандардын жана операция жасай турган кардиохирургдардын тизмесин тез арада тактоо боюнча тапшырмаларды берди.