Баш мыйзам тууралуу бакылдагандарга.
Баш мыйзамдын долбоору жаңы эле жарыяланды. Мен болгону эки сыйра окуп чыктым. Кайталап окуп атам. Орусчадан кыргызчага которгондо көп одоно каталар кеткен. Маани- маңызында да оңдолуп толуктала турган жагдайлары көп. Бул эми болгону долбоор. Талкууланат. Анын баары оңдолот. Аңгыча эле «Сунушталган Баш мыйзамдын долбоорун кабыл албайбыз — деп митинге чыкпайлыбы» — дегендер пайда болду. Баш мыйзамдын долбоорун талкууламай митингдер, жүрүштөр менен чечилбейт да. Баш мыйзамдагы проблемаларды ийри отуруп түз кеңешип, дебаттар, ойдогу, идеядагы талаш-тартыштар менен чечет. «Баш мыйзамдын баланчанчы бабын алып сал же оңдо» — деп көчөдө кыйкырбайт. Баш мыйзамды талкууга алуу бул адамдын билим денгээлин, интеллектуалдык ой жүгүртүүсүн, сабаттуулугун талкууга алуу болуп эсептелет. Кыргыздын бир оройураак макалы бар. «Бир ит көрүп үрөт. Көп ит көрбөй үрөт» — деген. Баш мыйзамдын долбоорун окумак түгүл колуна кармап көрбөгөндөр, Бап менен берененин айырмасын билбегендер деле элге кошулуп чуулдап атышат. «Самаркандан саман учса сансыз жоо келатат» — деген болбогула. Андан көрө Баш мыйзам али жарык көрө электе эле ага карыш чыккандар эмнеге мынча чыркырашат ушуну ойлонуп көрбөйлүбү?
Түшүнгүлө. Канча жылдан бери элдин канын соруп мите курттай жабышкан коррупция менен чындыктын күрөшү башталды. Бүгүн коррупционерлер акыркы өмүрү үчүн кармашка чыгышты. Аларда акча жетиштүү. Жалданма желдеттерин айдактай башташты. «Партиялык башкаруу системемасы» — деп коюп дүйнөдө жок арам уюшкан кылмыштуу коррупциялык топту түзүшүп бизнес кылгандар жеген токочунан айрылып атат. Буга чейинки эч кимдин алдында эч жерде жооп бербеген бийлик башында отургандар эл алдында иштеген иши үчүн жооп берип турууга аргасыз болгон атат. «Партиянын лидеримин» — деп миллиондогон долларларга марыгандар эртең «Никто» болуп калганы атат. Мына али кабыл алына элек Баш мыйзамга каршы чуулдап найза көтөрүп чыккандардын чыныгы жүзү. (Бул да толук эмес.Мен кыскартып жаздым.) Ошондуктан терең маани берип ойлонуучу маселе көп. Мамлекетте чукул реформалар башталды. Эсиңерден чыгарбагыла.Бир да реформа тынч өтпөйт. Карама-каршылыктар, талаш-тартыштар менен өтөт. Анткени канча эмгек жумшап жылуу «уя» жасап алгандар ордун жөн эле бошотуп бере койбойт. Оозундагы жеп аткан токочунан жөн эле айрылбайт. Акыркы дарманы калгыча кармашат. Ортодо эч нерсе түшүнбөй ээрчигендер мындайда алды артынарды жакшылап карап ойлонгула. 30 жыл бою элди түйшүкө салган башкаруу системасы сынганы турат. Ал жөн эле кулабайт.
Чолпонбек Абыкеев