16-17-ноябрь күндөрү кеңири аудиториянын башын бириктирген онлайн семинар болуп өттү. Семинарда жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун абалы, жалпы алдын алуу, пандемия учурунда калк менен өз ара аракеттенүү, кыйынчылыктар жана көйгөйлөр; милициянын көчмө кабылдамасынын иштөөсү аталышындагы маселелер талкууланды.


Иш-чарага Коопсуздук, укук тартиби жана мыйзамдуулук секторунун кыргыз аялдар Ассоциациясынын төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Айдаркул Кана, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Генералдар Кеңешинин төрагасы, отставкадагы милициянын генерал-майору Садырбек Дубанаев, милициянын көчмө кабылдамасы ишмердүүлүгү боюнча жергиликтүү жамаат бирикмесинин координатору, милициянын отставкадагы полковниги Шамшыбек Мамыров катышты. ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлдөрү, жашы жете электер иштөө инспекциясынын кызматкерлери катышты.
Семинардын жүрүшүндө жашы жете электер арасында кылмыштуулуктун пайда болушунун себептерине, аны жоюу жолдоруна өзгөчө көңүл бурулду. Анализ көрсөткөндөй, өспүрүмдөр тарабынан мыйзам бузуу факторлору төмөнкүлөр болуп саналат: коомдо болуп жаткан социалдык-экономикалык процесстер, жалпы адамзаттык баалуулуктар жаатында жетишсиз тарбия иштери, үй-бүлөдөгү оор шарттар, ата-энелер тарабынан тиешелүү көзөмөлдүн жоктугу, мектеп окуучуларынын окуудан тышкаркы ашыкча көп бош убактысы, жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет оюндарында, кинолордо зордук-зомбулукка үгүттөө.
«Укук бузуулар үй-бүлөсүнөн жана жакындарынан колдоо таппаган, кризистик кырдаалга туш болгон, өспүрүм курагында кыйынчылыктардан улам, өздөрүн позитивдүү түшүнүүгө же өзүн тастыктоого мүмкүнчүлүк жоктуктан өспүрүмдөр ушундай кылмыш иштерине аралашат», -деди талкуунун жүрүшүндө ИИМдин Өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмдүн башчысы Нуржан Адылова.
Ушундай көйгөйлөр менен катар, көчмө милиция кабылдамасынын иши талкууланды. Сovid-19 Кыргызстандын аймагында жайылып кетпеши үчүн жана бул илдетти алдын алуу максатында мобилдик топтор күн сайын республиканын аймагында санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо боюнча калк арасында кеңири маалымат таратып жатышат.
Мындан тышкары, укук коргоо кызматкерлери юридикалык кеңеш беришет, ушуну менен бирге жарандардын мыйзам бузуулар жөнүндө билдирүүлөрүн кабыл алышат.
Жыл башынан бери милицичнын көчмө кабылдамасына 12306 жаран кайрылуу жасаган, алардын 10 583нө сапарга чыгышкан.

ИИМдин Басма сөз кызматы