Кыргызстанда президенттик шайлоо өткөрүү боюнча Республикалык штабды вице-премьер-министр Максат Мамытканов менен Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова жетектемей болду. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында Мамытканов өзү билдирди.

“Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү боюнча штаб түзүлүп, ага жетекчи болуп мен дайындалгам. Шайлдабекова мага тең төрага болду. Бул аракет шайлоону ачык жана таза өткөрүү үчүн көрүлдү”, — деди ал. 

Мамытканов кошумчалагандай, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө, референдум жана жергиликтүү шайлоолорду өткөрүүгө 2020-жылдын бюджетинен 500 млн сом бөлүнгөн.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келген. 10-январга дайындалган президенттик шайлоого катышуу ниетин 63 жаран билдирди. Алардын арасында 6-октябрдан кийинки бийлик алмашууда президенттин милдетин аткарып туруп, шайлоого катышуу үчүн 14-ноябрда кызматын өткөрүп берген Садыр Жапаров да бар.