Бул тууралуу аталган окуу жайдын жетекчиси Иноват Ниматова кабарлады. Анын айтымында билим алууга келген жаштар атайын жолдомонун негизинде окуган.

“16-ноябрь күнү Бишкек шаарындагы 17-кесиптик лицейде 2 айлык кыска мөөнөттүү «Тигүүчү» курсунун бүтүрүүчүлөрү көз карандысыз сертификациялоонун элементтеринин негизинде бүтүрүү экзамендерин тапшырышып, бүтүрүүчүлөрдү көз карандысыз эксперттер баалашты. Курстун бүтүрүүчүлөрү Бишкек  шаарынын  Биринчи Май жана Ленин районунун эмгек жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн жолдомосу менен келип окушту. Бүтүрүүчүлөр ошол эле күнү Бишкек шаарындагы ОсОО «Альфатекс 312» тигүү ишканасына жумушка орноштурулду. Бүтүрүүчүлөрүбүздүн иштерине ийгиликтерди каалоо менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгына жана райондук бөлүмдөрүнө ыраазычылык билдиребиз”, — дейт ал.